15:06, 13 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Санкт-Петербург шаарында кыргыз мигрантынын наристеси тумчугуп көз жумду. Бул тууралуу MR7.ru маалымдайт.
Алардын маалыматында, Отважных көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде саат 15.30да ымыркайдын сөөгү табылган. Текшерүүдө наристе аба жетишпей, алдын-ала билдирүүлөр боюнча тумчугуудан көз жумган.
Ата-энеси 23 жана 24 жашта. Экөөн тең эч жерде иштебейт.
Баланын өлүмүнүн себеби териштирилет.