18:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Арча-Бешик» жаңы конушунда кош бойлуу келин күйөөсүнө бычак сайып өлтүрдү

«Арча-Бешик» жаңы конушунда кош бойлуу келин күйөөсүнө бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Алардын маалыматында, аялы менен күйөөсү чырдаша кетип, биринчиси экинчисине бычак сайган. Күйөөсү жайында мерт кетти.

Аял күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, ага кыйкырган күйөөсүн токтотуу үчүн бычак сайды. Аял камакка алынып, «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума