Россияда кыргызстандык курсант өз өмүрүн кыйды

14:09, 12 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Россиянын Курган чек ара институтунун курсанты асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, курсант Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун тургуну 21 жаштагы Санжар У. аттуу жигит.

Окуя 10-декабрда болгон. Алдын-ала билдирүүлөр боюнча, ал сүйлөшкөн кызы менен таарыныша кеткенден кийин жатаканада өмүрүн кыйган.