12:18, 12 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Сооронбай Жээнбеков эртең расмий сапар менен Ташкентке жөнөп кетет. Бул тууралуу президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.
Өлкө башчысы 13-14-декабрда Ташкентте болот.
Жолугушууда экономикалык, соода, маданий алака талкууланат.