Бишкекте жаш кызды ала качып кетишти. Милиция издөөдө

15:11, 11 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкекте чак түштө жаш кызды ала качып кетишти. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастады.

Алардын маалыматында, «102» номуруна телефон чалуу болуп, 7-кичирайондо бир нече бала жаш кызды машина зордоп салып кеткенин маалымдашкан.

«Маалымат текшерилип жатат. Бирок, машинаны издөөгө алдык. Ак түстөгү В7592 номурлуу «Степвагон» изделип жатат», — деп маалымдашты ИИБсынан.