12:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аймактагы шаарлардан Жалал-Абад жаңы жылдык жасалгага эң көп каражат коротот

Жалал-Абад шаарын жаңы жылдык жасалгана 650 миң сом коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталына маалымдалат.

Анда шаар мэриясы жаңы жылдык жасалганы сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуу порталындагы маалыматка ылайык, Нарын мэриясы шаарды кооздоого 200 миң сом, Каракол 321,4 миң сом, Кызыл-Кыя 359,1 миң сом, Кара-Көл 179,9 миң сом, Кербен- 91,5 миң сом бөлөт.

Кара-Балта мэриясы 13 миң сомго балаты сатып алмай болуп, көп өтпөй ал жарыяны алып салышты.

Ал эми республикалык шаарлардан Оштун чыгымы азырынча белгисиз. «Бишкексвет» — 15,7 миллион сом чыгымдайт.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби