Кубанычбек Кулматов кайрадан Бажы кызматын жетектейт

14:02, 11 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Кубанычбек Кулматов кайрадан Бажы кызматын жетектейт. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Анын айтымында, Кубанычбек Кулматов ага коюлган тапшырманы жакшы аткарат.

«Ал Бажы кызматында иштеген кезде (2010-2013-жыл) кирешени 2,5 эсеге көтөрө алган. Ал кызматкерлерди жакшы башкарат. Премьер-министр катары колдоо көрсөтүүгө даярмын», — деди Сапар Исаков.

Кубанычбек Кулматов сентябрь айынан бери Улуттук банкты жетектеп келет. Эми банктын төрагалыгына ким дайындалары белгисиз.