Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевден кабар алды

13:46, 11 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Мурдакы президент Роза Отунбаева «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен № 47 абакта жолукту.

Жолугушуудан кийин Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшы экенин, эч нерсеге арызданбарын билдирди.

Эскерте кетсек, жемкорлук беренеси менен айыпталган Өмүрбек Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган. Ага карата 2011-жылдын мунапысы колдонулду. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, Текебаев 2020-жылы турак абагына которулат.