Кыргыз-өзбек чек арасындагы Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан башкарат

12:24, 11 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан башкарат. Бул тууралуу келишимди Жогорку Кеңештин комитети жактырды.

Эскерте кетсек, Орто-Токой суу сактагычы боюнча келишим 6-октябрда Ташкентте кабыл алынган. Айыл-чарба министрлигинин билдирүүсүндө, суу сактагычты башкаруу толугу менен Кыргызстанга өтөт.

Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Буга чейин Өзбекстан менен суу сактагычты колдонуу боюнча келишпестиктер орун алган.