12:02, 11 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Ар бир министрде санариптүү өнүгүү боюнча орун басары пайда болот. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков «Таза коом» эл аралык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 25 министрдин орун басары даярдалып жатат. Аларды тандоодо өзгөчө көз-карашына жана реформалоого даярдыгына көңүл бөлүндү.
«IT-директор — бул айтишник эмес. Бул эл аралык уюмдарда иштеген жаш адистер. Алардын максаты өлкөнү өнүктүрүү», — дейт Сапар Исаков.
Санариптүү өнүгүү боюнча орун басарлар министрлерге «Таза коом» программасын ишке ашырууга көмөктөшөт.