22:55
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Жогорку Кеңеш Касансай суу сактагычы боюнча келишимди карап чыгат

Жогорку Кеңеш Касансай суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди карап чыгат. Ал бүгүн Агрардык саясат, суу чарбасы, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында каралат.

Эскерте кетсек, Өзбекстан менен Кыргызстан Касансай суу сактагычын чогуу колдонуу чечимин кабыл алган. Ортодо комиссия түзүлүп, ал суу сактагычта иштөө тартибин орнотот.

Суу сактагычта чукул кырдаал түзүлсө Кыргызстан бул тууралуу дароо Өзбекстанды маалымдайт.

Келишимге Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеев 6-октябрда кол койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар