Канат Исаевдин иши боюнча тергөө 30-январга чейин узартылды

11:41, 08 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин ишин тергөө 30-январга чейин узартылды. Бул тууралуу чечимди Бишкек шаардык соту колдоду.

Эскерте кетсек, Канатбек Исаев 30-сентябрда кармалган. Ага бийликти күч менен басып алууга аракет көрүү айыбы тагылган. Аны менен бирге кылмыш ишинин алкагында беш киши кармалган.

Тергөө 30-ноябрда жыйынтыкталмак.