Тургунбай Алдакулов Султан Жумагуловго кеңешчи болду

10:06, 08 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Тургунбай Алдакулов маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Жаңы кеңешчи аймактарды өнүктүрүү иштери менен алектенет.

Тургунбай Алдакулов 1978-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. ОшМУнун журналистика адистиги боюнча бөлүмүн бүтүргөн. 2016-жылдан бери Жалал-Абад облустук телекорпорациясын жетектеп келүүдө.