Самара облусундагы жол кырсыгында кыргызстандыктар каза болду

09:20, 08 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Самара облусундагы жол кырсыгында эки кыргызстандык набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, айдоочу менен жанында олтурган жүргүнчү набыт болду. Бир аял менен жаш бала оор жаракаттар менен жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Элчилик каза болгондордун туугандары менен байланышты. Учурда алардын сөөгүн мекенине алып келүү камылгасы көрүлүүдө.