17:21, 07 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Иштебей турган ишканаларга салык салуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айтылды.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун билдирүүсүндө, учурда үч ири ишкана токтоп турат. Алар — Айдаркен комбинаты, Кызыл-Кыя тамеки заводу, Кайынды кабель заводу.
«Бул ишканаларды ишке киргизүү аракети көрүлүп жатат. Айдаркен заводу үчүн инвестор таптык», — деди Дүйшөнбек Зилалиев.
Фонддун жетекчисинин билдирүүсүндө, баардык мүмкүнчүлүгүнө карабай, иштебей турган ишканалар дагы бар.
«Менчик ишкана иштебей турса, ага салык киргизүүнү да ойлоп турабыз. Албетте аны ишке ашыруу керек. Жыл сайын андай ишкананын салыгын көбөйтүп туруу керек», — деди Дүйшенбек Зилалиев.