16:27, 07 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 450 миң доллар грант бөлөт. Бул тууралуу келишим парламенттин бүгүнкү жыйынында үч окууда жактырылды.
Бул каражат Кыргызстанга статистикалык маалыматын жогорулатуу үчүн берилет. Анын алкагында улуттук ачык маалыматтардын базасын түзүү да каралган.