10:44, 07 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КТРКнын журналистти Элнура Молдокадырова менен жарандык активист, КСДПнын мурдакы мүчөсү Ренат Самудиновго кабатыр. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди.
Ирина Карамушкина Кыргызстандын АКШдагы элчисинен экөөнүн тагдыры боюнча расмий интервью берүүсүн талап кылды.
«Биз алардын Мексика менен АКШнын аймагында кармалганын билебиз. Андан аркы тагдыры белгисиз. Албетте, алардын кадамы чыккынчылыкка барабар. Бирок, алар баары бир биздин жарандар. Андыктан, элчилик кабар алышы керек», —дели Ирина Карамушкина.
Акыркы жолу 9-ноябрда Ренат Самудинов жубайы Элнура Молдокадырова менен Мексика менен чек арада кармалып, атайын кармалуучу жайга киргизилгени айтылган. Алар АКШдан саясый баш паанек сурашты.