Көк-бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилди

09:54, 07 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Көк-бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу чечим кечээ уюмдун материалдык эмес маданият мурастарын коргоо комитетинин Түштүк Кореянын Чежу шаарында өтүп жаткан жыйынында колдоого алынды.

Буга чейин материалдык эмес дүйнөлүк мурастардын тизмесине Кыргызстандын атынан «Манас. Семетей. Сейтек», төкмө акындар өнөрү, Айтыш, ала кийиз, шырдак, Боз үйдү жасоо өнөрү, Нооруз майрамы киргизилген.