Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөтү келишимдерди аткарууга даярдыгын билдирди

09:38, 07 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөтү келишимдерди аткарууга даярдыгын билдирди. Бул боюнча премьер-министр Сапар Исаковдун өзбек кесиптеши Абдулла Арипов менен телефондук байланышта айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы жарыялайт.

Телефондук байланышта өкмөт башчылары соода-экономикалык алаканы күчөтүүгө даярдыгын айтышты.

Алар буга чейин кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу жолдорун сүйлөшүштү.