21:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тажикстан бийлиги динди көзөмөлгө алууну улантат. Жаңы өзгөртүүлөр кабыл алынды

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы «Ыйман жана диний биримдиктердин эркиндиги тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, расмий түрдө өлкөдө диний партияларды түзүүгө тыюу салды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдө диний билимди мамлекеттик окуу жайларда гана алууга болот. Андан тышкары диний саясатты калыптандырууда мамлекетке негизги үстөмдүк кылуу укугу берилди.

Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге жаңы мечиттерге ишкерлердин ысымдарын ыйгарууга жол бербөө тапшырылганы кабарланды. Парламент депутаттарынын айтымында, мечиттер ислам дүйнөсүнө белгилүү болгон инсандардын ысымдарын гана алып жүрүшү керек.

Бийлик буга чейинки бир канча жыл ичинде дин тармагын башкаруу функциясын өз колуна алууга жетишти. Учурда өлкөнүн Уламалар кеңеши толугу менен мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт, имамдар болсо мамлекеттик кызматкерлердей эле айлык алышат.

Тажикстан – диний партия көптөгөн жылдар бою ишмердүүлүк жүргүзүп келген аймактагы жалгыз өлкө болуп эсептелет. Анда Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы СССР таркаганга чейин эле түзүлүп, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине айыпталып 2015-жылы күзүндө жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума