09:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркмөнстандагы «Coca-Cola» ишин октотту

«Coca-Cola Türkmenistan» компаниясы өндүрүшүн убактылуу токтотуп, калган кызматкерлерин жумуштан кетирди.

Бирок, бул компанияга ээлик кылган түркиялык «Coca-Cola İçecek» алар Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүн токтобой тургандыктарын билдиришти.

«Компаниянын Түркмөнстандагы иши тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Биз бул өлкөдөгү ишибизди улантып жатабыз. «Coca-Cola İçecek» компаниясы сатыкка чыгып жаткан газсыз жана газдалган суусундуктарды өндүрөт. Ашхабаддагы фирмабызда 300 киши иштеп жатат», — деп жазылган компаниянын расмий билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, 5-декабрда «Coca-Cola İçecek» компаниясынын өкүлү Александра Аккирман Түрмөнстанда валюта алмаштыруудагы кыйынчылыктардан улам өлкөдөгү компания кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын, буга байланыштуу суусундуктарды өндүрүү убактылуу токтотулганын билдирген. Бирок ал кызматкерлерди жумуштан кетирүү тууралуу маалыматтарга ээ эмес экенин кошумчалаган.

Ноябрда Түркмөнстанда «Coca-Cola» суусундугунун бардык түрү 2-3 эсеге кымбаттап, айрымдары дүкөндөргө чыкпай калган. Учурда Ашхабаддагы ири супермаркеттерде «Coca-Cola» сатыкта жок экени айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби