18:07, 06 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Абакта операция болгон Бектур Асановго үй-бүлөсүн жолуктурбай жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоочу Зульфия Марат билдирди.
Анын айтымында, Бектур Асановго жакындары сентябрдан бери жолуга элек. Ага 15-сентябрда операция жасалган.
Эскерте кетсек, Бектур Асанов 12 жылга соттолгон. Алар бийликти күч менен басып алууга айыпталган.