Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына эки депутат ат салышууда

16:00, 06 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына эки депутат ат салышууда. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине ырасташты.

«Ата Мекен» фракциясынан Сайдулла Нышановдун, «Республика — Ата Журт» фракциясынан Курманкул Зулушевдун талапкерлиги көрсөтүлөт.

Алардын талапкерлиги алгач парламенттик комитеттерде каралып чыгат.

Эскерте кетсек, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова бүгүн отставкага кетти.