00:11
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Аскарбек Шадиев өкмөттөн айлык алабы, же парламенттен?

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев бир эле айлык алат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өкмөттөн билдиришити.

Алардын айтымында, Аскарбек Шадиев депутаттык мандатын сактап калат. Бирок, Жогорку Кеңештеги маянасы убактылуу токтотулат.

Ал мындан аркы негизги жумушчу орду болгон өкмөттөн айлык алат.

Эскерте кетсек, Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды. Бирок, Баш мыйзамдагы жаңы күчүнө кирген өзгөртүүлөргө ылайык ал депутаттык мандатын да сактап калат.

Эң көп окулган жаңылыктар