Орнитолог: Кара-Балтада каргалар ууланып кырылышы мүмкүн

15:15, 06 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Кара-Балта шаарында каргалар ууланып кырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын биология институтунун кызматкери Анатолий Остащенко билдирди.

Анын айтымында, канаттуулардын өлүмүнө химиялык зат, ууланган дан себеп болушу мүмкүн.

«Куштар кырылып кала тургандай суук боло элек. Бирок, анык себебин текшерүүдөн кийин гана билүүгө болот» — дейт Анатолий Остащенко.

Эскерте кетсек, бүгүн Кара-Балта шаарынын тургундары бир топ каргалардын өлүп калганын байкашкан.