Баткендин үч тургуну келте оорусу менен ооруканага жаткырылды

11:02, 06 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда көп жылдан бери катталбаган келте оорусу чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.

Маалыматта, 1980 жылы туулган С.М. аттуу аялдан жана анын 2009-жылы туулган кызы менен 2011-жылы туулган уулунан келте оорусу аныкталганы айтылат.

Башка  үй-бүлө мүчөлөрү бул илдетке чалдыккан эмес. Учурда бейтаптар ичкен суу текшерилип, айылда келте боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.