15:52, 05 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Чубак ажы Жалилов эртең, 6-декабрга пландалган митингге тиешеси жоктугун айтып, андай чагымчылдыкка жол бербөөгө чакырды.
«Мындай маалыматты аты-жөнү белгисиз адамдар таркатып жатат. Митинг болбойт. Мени суракта узак суу бербей кармады деген маалымат дагы калп. Мага сый-урматта мамиле болуп, үй-бүлөмдүн кадыр баркына эч ким доо кетирген жок» — дейт Чубак ажы Жалилов.
Экс-муфтийдин айтымында, анын аракети Кылмыш кодексинин 153-беренесине каршы келбейт.
«Мыйзамдын тили менен экинчи аял деп айтпастан башка терминди колдонушат экен. Аны айтуу мага ыңгайсыз» — дейт ажы.
Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов 2-4-декабрда Бишкек шаардык ИИБда экинчи никеси жана көп аял алууга чакырыгы боюнча сурак берди.