Кыргызстанда 400 миң кишинин курсагы тойбойт

15:36, 05 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 400 миң кишинин, же калкынын 6,4 пайызынын курсагы тойбойт. Бул тууралуу БУУнун «Европа жана Борбордук Азияда азык-түлүк коопсуздугунун абалы −2017» баяндамасында айтылат.

Баяндамага ылайык Борбордук Азияда 5,6 миллион кишинин курсагы тойбойт. Эң жакыр үй-бүлөлөр Тажикстанда жашайт. Бул өлкөдө ачкачылыкта жашагандардын саны 2,6 миллион, же калкынын 30 пайызы.

Өзбекстанда 1,9 миллион, же калкынын 6,3 пайызы, Түркменстанда 0,3 миллион, же жарандарынын 5,5 пайызы ачкачылыкта жашайт.