Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясына жөнөткөн арызын кайра алат

14:59, 05 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясына жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жөнөткөн арызын кайра алат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

2-декабрда Казакстан менен Кыргызстандын өкмөтү жол картасына кол койду. Андан кийин Казакстан чек араны ачып, жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү жандантты.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, өкмөт 10-октябрдан кийин чек аранын жабылышына байланыштуу жапа чеккен ишкерлерге жардам берүүдөн баш тартпайт.