USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери 101 ата-эне өз укугунан ажыратылды

16:07, 04 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

Кыргызстанда жыл башынан бери 101 ата-эне өз укугунан ажыратылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен айтып беришти.

Алардын айтымында, ата-энелик укугунан ажырагандар дагы баланы багууга милдеттүү.

Кыргызстанда жети учурда сот аркылуу ата-энелик укуктан ажыратылат:

— ата-эненин бири өз милдетин аткарууда баш тартса (буга алимент төлөөдөн баш тартуу да кирет);

— баласын төрөт үйүнөн, же башка дарылануучу, тарбиялануучу мекемеден алып кетүүдөн себепсиз баш тартса;

— ата-энелик укугунан пайдаланып, балана зыян тийгизсе;

— баланын кол тийбестик укугун бузса, балага физикалык, же психикалык зомбулук көрсөтсө;

— Ичкич, же баңги зат колдонуучу болсо;

— Өмүрлүк жолдошунун, же балдарынын ден-соолугуна, же өмүрүнө каршы иш жашаса;

— жашы жете элек балдарын кара күч жумушуна тартса, же кайыр суратып, селсаякка айлантса.

 

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика