Өкмөттүн Таластагы өкүлү дайындалды

11:06, 04 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты маалымдайт.

Аны өкүлчүлүктүн кызматкерлерине вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тааныштырды.

Марат Мураталиев Таластын мурдакы жетекчиси (2006-2008-жылдагы губернатору) Байымбек Мураталиевдин иниси.