21:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эки жарым жашар баласын буту менен тепкен атага кылмыш иши козголду

Эки жарым жашар баласын буту менен тепкен атага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, А.С. аттуу 50 жаштагы киши бактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милициянын маалыматында, ал 2,5 жашар баланын өз атасы экендиги аныкталды.

Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Facebook баракчасында көчөдө тайылып жыгылып, туралбай жаткан кичинекей баланы ичине буту менен тээп тургузган киши тартылган видео таркаган. Ал Бишкек шаарынын «Улан-2» кичи районунда тартылганы жазылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары атаны жазалоону талап кылышты. 

Эң көп окулган жаңылыктар