Ош шаарында 12 жаштагы баласынын өлүмүнө шектелип атасы кармалды

15:24, 01 декабря 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Ош шаарында 12 жаштагы баласынын өлүмүнө шектелип атасы кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, 29-ноябрь күнү «Тез жардам» кызматы шаардагы үйлөрдүн бирине чакырык менен барып, өз бөлмөсүндө керебетте жаткан баланын өлүмүн ырасташкан. 6-класстын окуучусунун денесинде тактар байкалган. Аны аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалды.

Үй-бүлөнү билген адамдардын жана баланын энесинин көрсөтмөсү менен 46 жаштагы атасы кармалды. Алардын билдирүүсүндө, атасы уулун такай ур-токмокко алып турган.