14:54
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Бугу Эне» коомдук фондунун директорунун үйүнө арстандын күчүгүн таштап кетишти

«Бугу Эне» коомдук фондунун директору Салтанат Сейитованын үйүнө арстандын күчүгүн таштап кетишти. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.

Салтанат Сейитованын айтымында, арстандын күчүгү 4,5 айлык, салмагы — 20-25 килограмм.

«Бүгүн түнү үйдүн жанына белгисиз бирөөлөр арстандын күчүгүн таштап кетиптир. Менин үйдөн чыгып жатканымды көрүп туруп, анан кетишти окшойт. Караңгыда мен мышык деп ойлопмун» — дейт Салтанат Сеитова.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын билдирүүсүндө, мындан башка дагы жапайы жаныбарлардын балдары үйдө кармалышы мүмкүн.

«Бул жаныбар бизде каттоодо жок. Демек мыйзамсыз жол менен алынып келинген. Эгер үй шартында кармалган күчүктөр болсо, кайтарып бергени туура» — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби