16:30, 30 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Минск шаарында ЖККУнун саммитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чек арасын талкуулашты.
Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсүндө, эки президент бир бүтүмгө келди.
«Эки өлкөнүн өкмөтү жол картасын жаңы жылга чейин кайра карап чыгышат. Ошондо бир топ маселелер чечилет. Анткени, ал чечиле турган эле маселелер. Жол картасына кол коюлгандан кийин чек ара ачылат», —деди президент. Бирок, чек ара ага чейин эле ачыла турган болду.
Ал эми кытай реэкспортун көзөмөлдөө үчүн Кыргызстан жана Казакстан тарапта тең текшерүү жүрүп турат. Андан тышкары, ЕАЭБтин үч өкүлү кыргыз-казак чек арасында күзөттө турушат.
Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий сапары менен келүүгө чакырды.