Сапар Исаков Сочиге жөнөп кетти

10:27, 30 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Сапар Исаков Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын 16-жыйынына катышуу үчүн Сочиге жөнөп кетти. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта Сапар Исаков эки тараптуу жолугушууларды өткөрөөрү айтылат.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков учурда Минск шаарында ЖККУнун саммитине катышууда.