16:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан майыптардын укугу боюнча конвенцияны кабыл ала албайт. Акча жок

Кыргызстан майыптардын укугу боюнча конвенцияны кабыл ала албайт. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, өлкө экономиканын туруктуу өнүгүү этабына көтөрүлмөйүн конвенциянын талаптарын аткара албайт.

«Мен конвецияны дыкат карап чыкканмын. Ага бир топ каражат талап кылынат. Бизде азыр андай акча жок. Ансыз деле 2023-жылдан баштап тышкы карыздардын төлөмүнүн көөлөмү чоңоет. Бир жылда 300 миллион доллар төлөп калабыз», —деди Сапар Исаков.

Эң көп окулган жаңылыктар