12:53
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Депутат күч органдарынын ордуна майыптарга үй курууну сунуштады

Депутат Алтынай Өмүрбекова майыптар үчүн үй курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Ал күч органдарына үй курууга мароторий киргизүү керектигин билдирип, 2018-жылдан баштап мамлекеттин эсебинен майыптарга гана үй берүүнү демилгеледи.

Депутаттын пикиринде, калгандар мамлекеттик ипотека аркылуу турак жайлуу болсо болот.

«Күч органдарына үй куруунун зарылчылдыгы жок. Жетиштүү түрдө курулду. Андан көрө майыптарды колдоого алуу зарыл. Ар бир райондо 2,5 миңдей киши кезекте турат», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар