Жогорку Кеңеш министр Талантбек Батыралиевдин ишин текшерет

09:14, 29 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ишин текшерет.

Депутаттык топту Аида Исмаилова жетектеп, ага Евгения Строкова, Алмазбек Токторов, Альфия Самигуллина жана Тазабек Икрамова кирет. Жумушчу топко парламент өкүлдөрүнөн тышкары, Мамлекеттик кадр кызматынын, Эсептөө палатасынын, жарандык коомдун өкүлдөрү киришти.

«Бизге бир ай убакыт беришти. Бирок, биз кыска убакытта жыйынтык чыгарганга аракет жасайбыз. Калыс текшерүү жүргүзөбүз» — деди депутат Аида Исмаилова.

Буга чейин парламент депутаттары үч жылда 250 саламаттыкты сактоо мекемесинин 120 даарыгери иштен алынгандыгы айтылган.