Сооронбай Жээнбеков Москвага жөнөп кетти

08:48, 29 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Москвага жөнөп кетти. Мамлекет башчысынын бул алгачкы иш сапары.

Ал Россиянын президентти Владимир Путин жана өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушат.

Андан ары президент Минск шаарына барат. Анда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынына катышат.