Өзбекстан Каримовдун 80 жылдыгын белгилейт

15:48, 28 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун 80 жылдыгын белгилөө боюнча токтомго кол койду.

Токтом Каримовдун республиканын көз карандысыздыкка ээ болушуна, туруктуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы эске алынып, анын атын түбөлүк калтыруу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Иш-чаранын алкагында, 2018-жылы январда Каримовдун Самарканддагы монументалдык күмбөзүнүн расмий ачылышы болот. Ага улай эле Карши шаарында анын эстелигиги бүткөрүлөт.
Мындан тышкары Каримовдун жашоосу жана ишмердүүлүгү туурасында даректүү тасма тартылып, анын китептери жарык көрөт. Самаркандда “Ислам Каримов – Өзбекстан мамлекетинин негиздөөчүсү” деген аталышта эл аралык илимий конференция болот.
Билим берүү мекемелеринде, аскер бөлүктөрүндө, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында белгилүү адабиятчылардын катышуусунда маданий кечелер өтөт.

Каримов 1938-жылы 30-январда төрөлгөн. Ал Өзбекстанды 1991-жылдан бери үзгүлтүксүз башкарган. Ислам Каримов 2016-жылы, 2-сентябрда 79 жашында инсульт болуп көз жумган.