Сооронбай Жээнбеков алгачкы иш сапары менен Россияга барат

15:33, 28 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу анын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, 29-ноябрда мамлекет башчысы Россияга жөнөп кетет. Москвада Владимир Путин жана Дмитрий Медведевь менен жолугушат.

30-ноябрда президент Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Минск шаарында өткөн саммитине катышат. Жыйындын алкагында Жээнбеков эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйт.