02:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

2016-жылы Бишкекте 12 өспүрүм жанын кыйды

2016-жылы Бишкекте 12 өспүрүм жанын кыйды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында ИИБнын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, былтыры өспүрүмдөр арасында таркаган «көк кит» оюнун убагында токтото алышты.

«Бир нече суицид боюнча кылмыш иши козголду. Бирок, алар үй-бүлөдөгү чатакка байланыштуу болуп чыкты. А бирок өлүмгө түрткөндүгү боюнча иш козголгон эмес», — деди Сталбек Рахманов.

2016-жылы өспүрүмдөр арасында 12 суицид болуп, анын экөө боюнча иш козголуп, бирок сотко жеткен эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума