Депутат өспүрүмдөрдү интернет клубга киргизүүгө тыюу салууну сунуштайт

14:41, 28 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Депутат өспүрүмдөрдү интернет клубга киргизүүгө тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Жаныбек Абиров билдирди.

Анын айтымында, баардык билим берүү мекемелеринин жанында интернет клубтар жайгашкан.

Жыйында интернет клубтардын күндүзгү ишин чектөөго болбостугу жана алардын кожоюндарын өспүрүмдөрдү сабак учурунда киргизгени үчүн жоопко тартуу мүмкүн эместиги айтылды.