11:38, 28 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Укук коргоочулар эки аялы бар Чубак ажы Жалиловду жоопко тартууну талап кылышат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Кылмыш шамы» борборунун директору Азиза Абдрасулова билдирди.
Анын айтымында, мурдакы муфтий мыйзамдарды тебелөө менен бирге, башкаларды дагы кылмышка түртүп жатат.
«Башкы прокуратура кайрылып, укуктук баа беришин талап кылабыз. Негизинен ишти кароого негиз бар.
ИИМ эгер арыз түшсө, мурдакы муфтийдин экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирисин карап чыгууга даяр.