Президент Сооронбай Жээнбеков жумушка таң атпай келет

09:21, 28 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушка таң атпай келет. Президенттин Акүйгө бет алган кортежинин видеосун Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы Улан Жумаков Facebook баракчасына жайгаштырган. 

Анын айтымында, президенттин унаасы 7.45те Акүйгө келди.

«Жол беш мүнөткө гана жабылды. Бул албетте абдан жакшы көрүнүш. Таң эрте жолдо ууналар аз», — деп жазат Улан Жумаков.