Сооронбай Жээнбеков дагы бир кадрын кеңешчи кылып дайындады

17:38, 27 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Муратбек Шайымкулов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ал буга чейин Сооронбай Жээнбековго өкмөттө кеңешчи болуп иштеген. 2013-жылы президенттин иниси Асылбек Жээнбековго спикер кезинде кеңешчи болгон.

2008-2010-жылдары дагы президенттик аппаратта эмгектенген.