Бишкек мэриясы мугалимдерге окуучулардан акча топтоого тыюу салды

17:03, 27 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарын мэриясы «Мыйзамсыз акча чогултуулар үчүн билим берүү мекемелеринин жоопкерчилиги жөнүндө» буйрук чыгарды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта мектепти көйгөйлөрүн ата-энелер чечүүгө милдеттүү эместиги айтылат. Буйрукта мектеп мугалимдерине ата-энелерден оңдоо иштерине гана эмес, майрамдарга дагы акча топтоого тыюe салынат.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов акча топтоолор үчүн жеке жоопкерчиликти билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөдү.