Кыргызстанда жумушка жарамдуу калктын саны өсүүдө. Бул боюнча коомдук талкууга коюлган өлкөнүн 2040-жылга чейинки миграциялык саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоорунда айтылат.
Долбоор азыр коомдук талкууга коюлду. Анда демографиялык божомолго ылайык 2030-жылы Кыргызстандын калкынын саны 6,5-7,3 миллион кишиге жетет. Аны менен бирге эмгекке жарамдуу калктын саны 2,5 миллиондон 4,4-4,5 миллионго чейин өсөт (2030-жыл). Ал эми 2050-жылы бул көрсөткүч эки эсеге көбөйөт.
Долбоордо өлкөдөн жумуш таппаган мигранттардын катарына кошулары айтылат. Анткени технологиялык жаңылануу менен бирге жумуш орундар кыскарышы гана мүмкүн.
Мисалы, айыл-чарба тармагындагы кызматкерлердин санын 183-331 миң кишиге кыскартуу күтүлөт. Алардын ордун заманбап технология ээлейт.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны 200 миң киши.