Россиянын «кара тизмесиндеги» кыргызстандыктардын саны 92 миңге жетет

15:24, 27 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Россиянын «кара тизмесиндеги» кыргызстандыктардын саны 92 миңге жетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, соттун чечими менен 52 миң кыргызстандыкка Россияга кирүүгө тыюу салынды. Калгандары миграциялык талаптарды бузушкан.